Окуу китептеринин жетишсиздиги: Билим берүү министрлигинин маалыматы 

Бүгүн, 7-сентябрда “КАБАР” улуттук маалымат агенттигинде жалпы билим берүү мекемелеринин окуу китептер менен камсыздалышы маселеси боюнча маалымат жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Бекжан Султаналиев 1 миллион 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер сентябрь айында таратылып берилерин айтты.

“Учкун” басмаканасы тарабынан быйыл “Алиппе”, “Физика” (7-8 -класс), “Информатика” (7-9 -класс), “Химия” (8-класс), “Адам жана коом” (7-9-класс), “Диндердин өнүгүү тарыхы” (7-8-класс), “Англис тили” (Оксфорд басмасынын китептери) (7-8-класс) китептери басылып чыгып, даярлары эртеңден баштап колдонууга бериле баштайт”, - деди Султаналиев.

Жалпы билим берүү мекемелеринин окуу китептер менен камсыздалышы боюнча жыйын
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mularamov
2023-09-07 21:32:00
Сентябрга чейин таратуу керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан