Жалал-Абад милициясы изи сууй электе адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранды өзүнө бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, денесине жаракат келтирген. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-жылы туулган Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.