Бишкектин Свердлов районунда кыймылдуу мүлк салыгын толук жыйноону камсыз кылуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, салыктарды төлөө боюнча текшерүү иш-чарасын Муниципалдык администрация, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү.
Жыйынтыгында 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акт түзүлдү.
Белгилей кетсек, транспорт каражаттарына салык төлөөдөн качкандар үчүн: жеке жактар үчүн - 1000 сом, юридикалык жактар үчүн - 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.