Кечээ, 7-сентябрда Жалал-Абаддын Сузак районунун Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл тилкесинде №87 "Келечек" негизги мектеби пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Кабарлангандай, мектеп 200 орунга ылайыкташып, замандын бардык талаптарына жооп берет.
Белгиленгендей, мектептин курулушу "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун, Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жана элдин каржылык салымы менен ишке ашырылды.