Апасын ур-токмокко алган киши аны токтотууга аракет кылган милиция кызматкерин да сабап салды

Бишкекте апасын ур-токмокко алган киши аны токтотууга аракет кылган милиция кызматкерин да сабап салды. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Биринчи Май райондук РИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 7-сентябрда саат 14:30 чамасында милициянын талаптарына баш ийбей жаткан жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Анда милиция кызматкери административдик аймакты кыдыруу учурунда үйлөрдүн биринен аялдын кыйкырып жатканын уккан.

Окуя болуп жаткан жерге барганда мас абалдагы киши апасын уруп жатканын көрүп, анын бул кадамын токтотууга аракет жасаган. Бирок жаран ага баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Ошол эле учурда милиция кызматкерин да бир нече жолу чаап жиберген. Мындан улам ал жаракат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча "ээнбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 1978-жылы туулган С.Н. аттуу жашоочусу кармалды.

Учурда тергөө уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан