Ноокендин Достук айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, толугу менен өрттөнүп кетти

Ноокен районунун Достук айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан такстыкташты.

Маалым болгондой, бүгүн, 8-сентябрда саат 08:59 чамасында Ноокен районунун Достук айылы Адыр көчөсү №1 дарегинде жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ага ылайык, жерине №56 ӨК-КБнөн 1-2-бөлүмдөрү тартылып, өрт толугу менен саат 09:15 чамасында курчоого алынып, 11:18де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттөлгөн турак үйдүн жалпы аянты 195 чарчы метрди түзөт. Жабыр тарткан жарандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан