Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович Бириккен Араб Эмирлигинин "Аль-Наср" командасы менен болгон оюн тууралуу билдирүү жасады.
Таркович бул оюн Кыргыз курамасы үчүн мыкты тажрыйба болгонун белгиледи.
"Биздин футболчулар Европанын жана дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты оюнчулар менен атаандаша алышат, алардын айрымдары УЕФАнын Чемпиондор Лигасында, Европанын эң мыкты 5 лигасында же Дүйнөлүк чемпионатта ойногон футболчулар. Бул оюн биз үчүн тактикалык жактан да, физикалык жактан да абдан баалуу тажрыйба болду. Беттештин жыйынтыгы биз үчүн маанилүү болгон жок.
Эң негизгиси, оюнчулардын жогорку нымдуулукка жана температурага кантип ыңгайлашканы болду. Биз Малайзияда биринчи беттешибизди өткөрө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга жакшы даярдануу үчүн бул шарттарда жетиштүү тажрыйбага ээ болушубуз керек. Январь айында өтүүчү Азия кубогунда да ушундай шарттар бизди күтүп турат", - деди Таркович.
Белгилей кетсек, Кыргыз курамасы кечээ, 7-сентябрда Дубайдын "Аль-Наср" клубу менен жолдоштук беттеш өткөргөн. Оюн 1:0 эсебинде "Аль-Наср" клубунун жеңиши менен аяктаган.