"Электр мамычасы жылдырылды". "Ош ЭТИ" электр жарыгынын өчүрүлгөндүгү тууралуу маалымат берди

Буга чейин порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө тургун Кара-Суу районунун Учар айылында электр жарыгын эскертпестен өчүрүп жаткандыгын кабарлаган.

Бул боюнча бүгүн, 8-сентябрда "Ош электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы аталган айылдын Бактыяр (өзүн айыл башчы деп тааныштырган) аттуу тургуну Сулайман-Тоо РЭТине кайрылып, асфальт төшөө иштерине байланыштуу электр мамычасын жылдырып берүүнү суранган. Ошол себептен электр жарыгы өчүрүлдү.

"Учар айылынын тургуну Бактыяр мырза (өзүн айыл башчы деп тааныштырган), Сулайман-Тоо РЭТине кайрылган. Кайрылууда жолго асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт, жүргүзүү иштерине электр мамычасы тоскоол болууда. Андыктан электр мамычасын жылдырып берүүнү суранган. Сулайман-Тоо РЭТинин кызматкерлери электр мамычасын жылдыруу менен биргеликте аба чубалгыларына тоскоолдук жараткан бак-дарактарды кыюу иштерин жүргүзүшкөн. Бул пландан тышкары, айыл тургунунун кайрылуусу менен аткарылган иштер. Ошол себептен социалдык баракчага жарыяланган эмес", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан