Салык кызматы 8 айда 150 миллиард сомдон ашык акча каражатын чогултту

Акыркы 5 жылдын 8 айындагы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо динамикасы боюнча маалымат таратты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда аталганмекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын январь-август айларында 158 миллиард 25,9 миллион сом чогултуп, белгиленген пландан 2,1 миллиард сомго ашык жыйнаган.

"Ага ылайык, акыркы жылдарда байкалган салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуунун туруктуу өсүү тенденциясын чагылдырат.

Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар, аналитикалык онлайн платформалар сыяктуу заманбап чечимдерди киргизүү салыктарды эсепке алуу жана чогултуу процессин бир топ жеңилдетти", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштер ишкердик ишти көмүскөдөн чыгарууга мүмкүндүк берип, бул өз кезегинде салык чогултуунун натыйжалуулугун жогорулатты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан