Бишкекте мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 450 килограмм баңгизаты жок кылынды (фото)

Бишкекте мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган 450 килограмм баңгизат 500 градус температурада өрттөлүп, жок кылынды. Анын ичинде баңгикаражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Максат калк арасында баңгизаттарга каршы үгүттөө жана аны экинчи жолу жүгүртүүгө жол бербөө болуп саналат.

Маалымдалгандай, аталган баңгизаттар ыкчам-издөө иш-чараларынын жана кылмыштарды иликтөөнүн жүрүшүндө алынып, соттук өндүрүш иштери аяктагандан кийин өрттөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан