Таласта сел каналдары тазаланып, 603 үй корголду

Таласта сел каналдары тазаланып, 603 үй корголду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ӨКМнын "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" боюнча Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү каналдарын механикалык тазалоо иштери сунушталган.
"Бүгүнкү күндө сунушталган сел агуучу каналдардын төртөөндө механикалык тазалоо жумуштары толугу менен аткарылып, ал эми 1 каналда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аткарылган иштердин натыйжасында 603 турак жайлары, 1 мектеп, 1 бала бакча,1 мечит, 1 лицей, 2 көпүрө жана 2 администрациялык мекемеси корголду", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан