Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамаатына Алымкадыр Бейшеналиевди тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Алымкадыр Бейшеналиевди жамаатка тааныштыруу кечээ, 7-сентябрда болгон. Ага мурдагы жетекчи Гүлнара Баатырова дагы катышкан.
Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин саламаттыкты сактоо министри болуп келген. 2022-жылдын август айында ал кызматынан бошотулуп, "Алтын-Балалыкка" жетекчи болуп дайындалган.
Кечээ, 7-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров аны кайра саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.