УКМК дагы эки мамлекеттик кызматкерди кармады

Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин борбордук аппаратынын өкүлүнө Чүй облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы (Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору) У.Н. жана Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери Ж.Т.ны мыйзамсыз бошотуу демилгесин көтөрүү үчүн 1500 доллар пара берип жаткан жеринен кармалышкан.

Аламүдүн районунун жана Чүй облусунун башкы архитектору У.Н. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызматкери К.Б. аркылуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин А.А. аттуу жооптуу кызматкерине райондук башкармалыктын башкы бухгалтери Ж.Т.ны ээлеген кызматынан бошотуу үчүн мыйзамсыз аудиттик текшерүүнү жүргүзүп, каралоо жолу менен кызматтан алуу максатында кайрылган.

6-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында У.Н. жана К.Б. Мамлекеттик курулуш агенттигинин кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан