Сокулукта 36 жаштагы Туратбек Сейталиев изделүүдө. Ал апрелден бери дайынсыз

Чүй облусунун Сокулук районунда 36 жаштагы Туратбек Сейталиев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал ушул жылдын 1-апрель күнү Сокулуктагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

"Урматтуу жарандар! Сейталиев Туратбек Саламатовичтин жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүмү), 0558 86-14-86 (издөө тобу) телефону аркылуу байланышсаңыздар болот", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан