Бүгүн, 9-сентябрга караган түнү Мароккодо күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Марокконун Марракеш шаарынан болжол менен 72 чакырым чыгышта болгон. Жер титирөө өлкөнүн түндүгүндөгү борбор шаар Рабаттан түштүктөгү Сиди Ифни шаарына чейин сезилген.
Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн 296 адам каза болуп, 30дан ашык имарат кыйрады.
Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Ооруканалар толду.