Ошто Комуз күнү белгиленди (фото)

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарында Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Алымбек-Датка» этнографиялык борборунда 9-сентябрь Комуз күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Ош шаардык маданият бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чаралардын алкагында «Урааным Манас» аталышындагы сүрөтчүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Мындан тышкары, комузчулар тарабынан флешмоб уюштурулуп, анда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсү чертилди жана гала-концерт тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан