Бишкек шаарында бир катар уурулуктарга шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
30-август күнү К.Н. аттуу жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:50дөн 23:15ке чейинки убакыт аралыгында Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу батирлердин биринде терезе аркылуу мыйзамсыз кирип, жашыруун түрдө алтын буюмдарын жана антиквариат тыйындарды уурдап кетишкенин билдирген. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка качып кетишкен.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык (уурулук) кылмыш иши козголгон.
Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө борбор калаанын аймагынан чыгып, такси менен Ысык-Көлгө бара жаткан 1993-жылы туулган жаран Ч.Ж. кармалган. Анын жанынан далил катары 700 доллар, 10 миң сом жана эки уюлдук телефон табылып, алынган.
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды.