УКМК Равшан Жээнбековдун кыйноолор боюнча билдирүүсүн четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген билдирүүсү жалган экендигин маалымдады.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдиришинче, Равшан Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда саясатчы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайында камакта.

"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда", - деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин экс-депутат Равшан Жээнбеков №1 СИЗОдо кыйноого алынып жатканын билдирген. 1-сентябрда ал ным камерага шартсыз которулганын айткан катын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2023-09-09 17:05:00
Аферистер
0
Саман
2023-09-10 12:10:00
Чоң энеңин үйүбү ал жер сыз болбогудай аны түрмө дейт галдир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан