Бүгүн, 9-сентябрга караган түнү Мароккодо болгон катуу жер титирөөдөн улам каза болгон адамдардын саны 632ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ошондой эле учурда жер титирөодөн 329 адам жаракат алганы белгилүү. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүүдө. Кээ бир аймактарда адамдар каза болгондорду жана жарадарларды издеп урандыларды колдору менен бузуп жатышат.
Жер титирөө жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:11де болгон. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Атлас тоолорунда 18,5 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөө Португалия менен Алжирде да сезилди. Америкалык эксперттер жер титирөөнүн күчүн 6,8 баллга, Марокконун Улуттук геофизикалык борбору 7,2 баллга баалашууда.
Бул Марокконун тарыхындагы эң ири жер титирөө болду.