Тамашоучу, алып баруучу, тамада жана актёр Актан Рыскелдиев жакында төртүнчү ирет ата болот.
Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "гендер пати" өткөргөн видеосун жарыялады. Анда актёр жакында кыздуу болору билинген.
Актан Рыскелдиев кубанычы коюнуна батпай ары-бери чуркап, көзүнө жаш алды.
Белгилей кетсек, Актан Рыскелдиев менен жубайы Феруза учурда үч уулду тарбиялап келишет.