Индияда өткөн G20 саммитинде премьер-министр Нарендра Моди өлкөнүн жаңы аталышы жазылган белгини колдонду.
Биринчи сессияда журналисттер Моди өз өлкөсүн көрсөтүү үчүн Бхарат деген жазуусу бар белгини тандаганын байкашкан. Индиянын Конституциясына ылайык, англис жана хинди тилдери өлкөнүн расмий тилдери болуп саналат, өлкө англисче Индия жана хинди тилинде Бхарат деп аталат.
Буга чейин Индия өкмөтү өлкөнүн атын Бхарат деп өзгөртүү боюнча резолюция киргизиши мүмкүн экени кабарланган. Ошондой эле G20 өлкөлөрүнүн башчыларына кечки сый тамак Бхарат президентинин атынан чакырылганы белгилүү болгон.