"Жабыркагандар көп". Ошто алдамчылыкка шектүү кыз кармалды

Ноокат районунда жашырынып жүргөн жеринен Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Ал 2023-жылдын март айында Ош шаарынын тургуну, 1968-жылы туулган тааныш аялдын ишенимине кирип, банктык маселелерге байланыштуу банктагы 3 миллион сом акчасын ала албай жаткандыгын, аз күндө эсеби ачылса берерин айтып, жабырлануучудан 800 миӊ сом өлчөмүндөгү акчасын алып, ошол боюнча изин жашырып кеткен.

Телефон номерлерин алмаштырып, кайрадан байланышка чыкпай койгон. Жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык беренеси (209-берене) менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

"Шектүүнүн Ноокат районунун аймагында жашырынып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алынып, маалымат тастыкталды. Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан 9-сентябрь күнү аталган райондун аймагынан кармалып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын 4 тургуну ар кандай ири суммадагы акча бергендиги тууралуу милицияга кайрылышкан. Ошондой эле бул шектүүдөн Ош облусунун, Баткен облусунун көптөгөн жарандары жабыркагандары тууралуу ыкчам маалыматтар бар", - деп билдиришти Ош ШИИБден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-09-10 12:33:00
Сынчыл ой жүгүртө албаган кыргыздар баарына алданып жүрөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан