Супер концерт шаңдуу маанайда уланып жатат. Көрүүчүлөр ар бир сахнага чыккан талантты кол чаап, кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышууда. Сахнага азыр ырчы Каныкей чыкты. Анын “Садагам” аттуу ыры жогоруда аталган наамга талапкер экенин эсиңизге сала кетели. Аталган ыр “Салам, Нью-Йорк!” тасмасына саундтрек катары жазылган. Сахнанын ортосуна орнотулган экрандан тасмадан үзүндү көрсөтүлүүдө.