Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү аяктады.
Шайлоого келген адамдардын саны 20 миң 169ду, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 15,85 пайызды түздү. Аталган округда жалпысынан 127 миң 239 шайлоочу бар.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кубанычбек Самаков 5 273 добуш менен алдыда келе жатат.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайрадан шайлоого 24 талапкер ат салышты.