Талас боюнча 603 турак үй сел коркунучунан корголду

Талас облусу боюнча 603 турак үй сел коркунучунан корголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Талас, Манас, Бакай-Ата райондорундагы 7 сел өткөрүүчү каналдарын механикалык тазалоо иштерине сунушталган болсо, бүгүнкү күндө алардын төртөөндө механикалык тазалоо жумуштары толугу менен аткарылып, ал эми 1 каналда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Аткарылган иштердин натыйжасында 603 турак жайлары, 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 мечит, 1 лицей, 2 көпүрө жана 2 администрациялык мекемеси корголгон", - деп айтылат билдирүүдө.

Алдыда жергиликтүү бийликтин күчтөрү менен аткарылуучу Бакай-Ата районунун 2 сел өткөрүүчү каналында механикалык тазалоо иштери башталганы турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан