Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 10-сентябрда Жыргалаң курортуна барган.
Анда өлкө башы профсоюздар федерациясынын кызматкерлерин сынга алып, бардык ишти жолго салууну тапшырды.
"Биз туристтик өлкөбүз деп коёбуз, бир турист келип жатпайт бул жерге. Кантип жатат? Мен эки жыл мурун чет өлкөлүк бир инвесторду алып келип алып, өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды, жердин катуулугунан калдым. Мен Союз мезгилиндегидей ойлоптурмун. Ваннасына кирсең капкара, сары дагы эмес. Чечинүүчү жеринин полу баткак", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчы Акылбек Жапаровго бардык ишти иретке салууну тапшырды. Садыр Жапаров мындан ары профсоюздар федерациясы көзөмөлгө алынарын кошумчалады.