Өлкө аймагында бир күндө 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылды.
- Чүй облусунда 5;
- Ош облусунда 4;
- Бишкек шаарында 3;
- Ысык-Көл облусунда 2;
- Нарын облусунда 2;
- Баткен облусу 2;
- Жалал-Абад облусунда 1.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон. Анда 3 эшик ачуу, 1 суудагы кырсык.
Өрттүн кесепетинен 1 жаран жабыркап, ал эми эшик ачууда 1 эркек кишинин жансыз денеси батирден табылган.