Бишкекте велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-сентябрда милицияга М.Н. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адамдар Улан-2 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 15 миң сомдук Skilmax велосипедин уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ага ылайык, ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы К.Д. жана 28 жаштагы А.Д. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Маалымдалгандай, тергөө амалдары учурунда шектүүлөр уурдалган велосипедди саткан жерин көрсөтүп, табылган велосипед ээсине кайтарылган. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.
"Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0 (551) 333 339, 0(704) 007 400 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат", - деп айтылат маалыматта.