Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы жайыт комитетинин төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКга Өзбекстандын жараны Өзбек жарандарына таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө акча талап кылып жаткан К.у.К. аттуу жаранга чара көрүү боюнча кайрылган.
Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. 1000 доллар өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөткө киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти УКМКдан.