Өлкөдө апта ичинде 23 миңден ашык жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 23 миң 199 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин ЖКККББ тарабынан 4-сентябрдан 10-сентябрга чейин 23 миң 199 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-217;

- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -197;

- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-54;

- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 178;

- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 миң 617;

- авто ээнбаштык - 2;

-белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5 миң 100;

-жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу - 5;

-башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 миң 829;

Ага ылайык, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 462 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан