Грециянын түндүк-чыгышында катталган "Дэниел" бороонунан улам 15 адам каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.
Маалым болгондой, кечээ, 10-сентябрда коопсуздук кызматы Кардица шаарынын жанынан төрт адамдын сөөгүн тапкан. Кырсыктын кесепетинен 88, 58 жана 65 жаштагы жарандар каза болгон. Дагы 42 жаштагы жаран Волос шаарына жакын жерден табылган. Муну менен узакка созулган нөшөрдөн каза тапкандардын саны 15ке жетти.
Учурда куткаруучулар дайынсыз жоголгон дагы эки адамды издөө иштерин улантууда. Бийликтин маалыматы боюнча, кооптуу аймактардан 4 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Бороондун кесепетинен үйлөр, көпүрөлөр жана жолдор жараксыз абалга келип, электр линиялары үзүлгөн. Ошондой эде Тесалия түздүгүндөгү эгиндерге да зыян келтирилген.