Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, жер титирөө бүгүн, 11-сентябрда саат 7:54 чамасында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Ага ылайык, жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан