Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына аба каттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкектен Баткен облусунун эки шаарына аба каттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалымдалгандай, "Тез Жет" авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугуп, Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана авиабилеттин баасын түшүрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында аталган авиакомпания "Манас" аэропортунан Баткен шаарына бир жумада эки жолу (шаршемби, жекшемби) каттам уюштуруп бермей болгон. Ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт. Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан башталат.

"Ал эми авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6 000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен шаары жана Раззаков шаары үчүн да 5 500 сомго чейин боло турган болду. Ошондой эле авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо жалпы авиабилеттин баасы 5 750 сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде коюлган баадан аша турган болсо, сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылуусу керек", - деп жазган облус башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан