Камчыбек Ташиев Жумгалда УКМКнын жаңы имаратын ачты (фото)

Бүгүн, 11-сентябрда Нарындын Жумгал районунун Чаек айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Иш-чарага Нарын облусунун жергиликтүү бийлиги, улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган.

Ага ылайык, Камчыбек Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлө берерин белгиледи.

"УКМК төрагасы актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан