Түптө Михайловка-Николаевка-Токтоян унаа жолу асфальтталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине асфальт төшөлдү. Анда “Кыргыз авто жол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.
"Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 сантиметр калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган", - деп айтылат маалыматта.