Супер концерт “Жылдын супер саундтреги” наамына ат салышкан ырлар менен көркүнө чыгууда. Съездбек Искеналиев “Жашырасың” аттуу ыры менен күйөрмандарын кубантты. Ырчы сахнага чыгарда “маанайым абдан жакшы. Супер концертте күйөрмандарым менен жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын” деп билдирди. Эскерте кетсек, аталган ыр “Карт бойдок” көркөм тасмасына саундтрек катары жазылган.