Бүгүн, 11-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Кувейтке каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.
Оюн Дубайдагы "Севенс" стадионунда өтөт. Калыстын старттык ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө жаңырат.
Оюнга кирүү акысыз.
Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук курама командасы буга чейин Дубайдын "Аль-Наср" клубуна 0:1 эсебинде жеңилип калган.