Жыргалбек Шаршембиев Талас мамлекеттик университетине ректор болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.
"Жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен Талас мамлекеттик университетинин ректору кызматына Шаршембиев Жыргалбек Сабырбекович Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен 2023-жылдын 7-сентябрынан тартып дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 21-августунда Талас мамлекеттик университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыяланган.