Аксыда дагы эки жаңы мектеп пайдаланууга берилди (фото)

Бүгүн, 11-сентябрда Жалал-Абаддын Аксы районундагы Кара-Суу жана Авлетим айыл аймактарында эки жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да катышканын парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Кара-Суу айыл аймагындагы №56 К.Кулназаров орто мектебинин 150 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 43 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Ал эми Авлетим айыл аймагында жайгашкан №25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаңы имаратын курууга 66 миллион сом каралган. Аталган мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, эки кабаттуу окуу имараты 225 орунга ылайыкташкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө Шакиев өлкө келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин айтты.

“Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар, түрдүү социалдык мекемелер салынууда. Бүгүнкү ачылып жаткан окуу имараттары да мунун анык мисалы. Мындан ары өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ушундай алгылыктуу кадамдар улантылып, ири долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, кийинки жылы Мукур айылынан Кербен шаарына чейинки жолду жаңылоо пландалууда”, – деди ал.

Кошумчалай кетсек, Нурланбек Шакиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тармактык жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан