Чүйдүн Москва районунда жайгашкан түзөтүү мекемесине баңгизат ыргыткан деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ыргыткан жеринде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү скотч менен оролгон эки брикет зат табылды.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, шарттамалуу объекттин аймагына өткөрүүгө аракет кылган заттар канабис чайыры (гашиш), жалпы салмагы 454 граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
"Милиция кызматкерлери Москва районунун жазаларды аткаруу кызматынын жана ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизат ташыган деп шектелгендерди аныкташкан. Ага байланыштуу Жайыл районунун Алексеевка айылынын тургуну 1999-жылы туулган А.Д. жана Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын тургуну 1995-жылы туулган М.Б. кармалган", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, соттун чечими менен 1999-жылы туулган А.Дга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, соттолгондордун арасында шектүүлөрдү аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.