Чүй облусуна караштуу Москва районунда мыйзамсыз баңги затты сактап жүргөндүгү үчүн 19 жаштагы З.Н. кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. 10-декабрь күнү эртең мененки саат 9:00дар чамасында Москва райондук милиция кызматкерлеринин текшерүү маалында аталган жарандан баңги заты табылган. З.Ннын айтымында, ал баңги затты жеке колдонуу үчүн сактап жүргөн. Учурда бул иш боюнча Кылмыш кодексинин 246-беренеси (Мыйзамсыз баңги затты сактоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.