Гавайиде дүйнөдөгү эң чоң вулкандардын бири атылууда (видео)

Гавайиде дүйнөдөгү эң чоң вулкандардын бири болуп саналган Килауеа жанар тоосу атылууда. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыкты.

"Килауеа жанар тоосу атылып жатат. 2023-жылдын 10-сентябрында жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:15 чамасында Гавайи жанар тоо обсерваториясы (HVO) Килауеа чокусунан тартылган веб-камера сүрөттөрүндө жанар тоонун активдүүлүгүн байкаган", - деп айтылат кызматтын билдирүүсүндө.

Ал эми атмосферага күлдүн бөлүнүп чыгышына байланыштуу авиациянын кызыл кооптуу коду жарыяланды.

Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, учурда активдүү атылып чыгуу Халема'ума кратеринде гана байкалууда.

Гавайи аралында жайгашкан Килауэа (Ошондой эле Чоң арал деп аталат) жер жүзүндөгү эң активдүү жанар тоолордун бири болуп саналат. Килауэа салттуу ишенимдер боюнча Гавайидеги вулкандардын кудайы деп эсептелген Пеленин жашаган жери деп да эсептелет.

Жанар тоо ушуну менен бир жыл ичинде үчүнчү ирет атылып жатат. Акыркы жолу жанар тоо 7-июнда кыймылга келген.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан