Бишкекте көмүскө акча алмаштырган орусиялык жарандар кармалды (сүрөт)

Бишкектеги "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМКнын кызматкерлери “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргызстандын жана Орусиянын жарандарын аныкташты.

Ага ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан