"Көпчүлүк аймакта жаан жаайт". 12-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 12-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +19…+24 градус,

Талас дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22 даража болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл аймагында үнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25 даражаны көрсөтсө,

Нарын жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26га жетет.

Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +20…+22 градус болот.

Ал эми батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан