Бүгүн, 11-сентябрда туулган күнүн эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев да белгилеп жатат. Ал бүгүн 33 жашка толду. Ырчы менен байланышканыбызда ал дагы, өздүк майрамын үй-бүлөсү менен эле тосо турганын айтты.
"Кайран жаштык өтүп баратыптыр (жылмайып). Убакыт өткөн сайын тообо кылып, жакындарың менен көбүрөөк болгону аракет кылып баштайт экенсиң. Кудай буюрса, кечинде үй-бүлө, бир туугандар, жубайым менен эле белгилеп коёлу деп жатабыз. Мындан сырткары чыгармачылыктагы аябай жакын жүргөн досторум келиши мүмкүн. Мурдагыдай, ашыкча шаан-шөкөт, караоке, клуб деген темалар үйлөнгөндөн кийин бүттү окшойт (күлүп)", - дейт ырчы мырза.
Алмаз Шаадаев 1990-жылдын 11-сентябрь күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган.
Чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным ай” аттуу ырын ырдап чыккан. Алмаз Шаадаев Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин туризм-саякат бөлүмүн аяктаган.
Ырчы "Фаридам", "Жубайым", "Сен дегенде", "Арзуу", "Көлдүк кыз" жана башка популярдуу ырлардын аткаруучусу. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.
Ал ушул жылдын июнь айында сүйүктүүсүнө баш кошуп, борбор калаадагы ресторандардын биринде үлпөт тоюн өткөргөн.
11-сентябрга карата жылнаама.