Бишкекте каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда шаардык милициядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрь күнү Биринчи Май РИИБине калаа тургуну кайрылып, ошол эле күнү болжол менен түнкү саат 00:50 чамасында белгисиз адам аны учтуу темир менен коркутуп, Поко Х3 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-бересине ылайык (Каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 2005-жылы туулган К.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын жанынан тартып алган уюлдук телефон табылып, далил буюм катары алынган. Азыркы учурда башка кылмыштарга катышы бары-жогу такталууда.

Ошондой эле тергөө иштери улантылып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан