Чүйдө баңгизаттарды ыргыткан деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Чүй ОИИББнын кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы Р.А. аттуу жаран баңгизаттарды режимдик аймакка өткөрүп берүү аракеттенген учурда кармалган.
Ага ылайык, жеке текшерүү учурунда шектүү жарандан скотч менен оролгон беш брикет табылган. Алардын ичинде кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон.
"Алынган заттын салмагы 3 килограмм 40 грамм “гашиш” баңгизаты, ошондой эле өсүмдүк тектүү жашыл түстөгү 844 грамм марихуана камтылган эки пластик бир литрлик бөтөлкө болуп, жалпы салмагы 3 килограмм 884 граммды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Москва районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.