Нурлан Насип сахнага "Жаным, сага мен канткенде жагамын?" ыры менен чыкты. Бийчилер чимиреле ырчыны айланып бийлешүүдө. Эл кол чаап колдоодо.
Эске сала кетсек, бул жылы "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына Дайыр Исмадияров, Нурлан Насип, Гүлжигит Сатыбеков талапкер. Мырзалардын кимиси бул наамга ээ болот, ал эртең, 14-декабрда боло турчу Супер концертте аныкталат. Андыктан, эртеңки концертти өткөрүп жибербеңиз.