Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 10-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо-1 конушунун Ю.Гагарин көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда 2006-жылы туулган М.Р. аттуу эркек бала чуңкур казып жатып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Ага ылайык, жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган эркек баланы чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Акыркы маалыматтар боюнча анын абалы канааттандырарлык.