"Кол чаап узатышып...". Ким Чен Ын Путин менен жолугушуу үчүн Пхеньяндан поезд менен чыкты (фото)

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Түндүк Кореядан поезд менен чыкты. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын Пхеньяндан атайын поезд менен чыккан. Анын Орусияга болгон сапарында аны партиялык, өкмөттүк жана куралдуу күчтөрүнүн жооптуу кызматкерлери коштоп жүрөт.

Ким Чен Ын отурган брондолгон поезд Владивастокко кириши мүмкүн. Пхеньяндан Владивастокко чейинки жол 20 саатты түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан